Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

Саясий күчтөр диалогго муктаж


БИШКЕК. Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдүн туруктуу диалогу зарыл. Кыргызстандагы «Өнүгүү фондунун» лидерлери бул тууралуу кечээ Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Адам укуктары боюнча бюросунун директору Кристиан Штрохал менен жолугушуу учурунда билдиришти. Фонддун лидерлеринин бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, андай диалог саясий күчтөрдүн ой-пикирлерин билип, көз караштарын так аныкташ үчүн өтө зарыл. «Ал эми бийлик менен саясий күчтөрдүн 12-июлда боло турган «тегерек стол» жыйынында азыр өтө зарыл деген үч маселе - саясий кырдаал жана партиялык системаны калыптандыруу, коррупцияга каршы күрөштө жарандык коомдун катышы жана жергиликтүү шайлоодо саясий партия өкүлдөрүнүн катышы жөнүндөгү маселе талкууланышы зарыл», деди Өмүрбек Текебаев.

XS
SM
MD
LG