Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:41

“Нью-Йорк Таймска” мындан дээрлик жетимиш жыл илгери ыйгарылган баалуу сыйлык кайтарылып алынышы мүмкүн


Америкалык белгилүү "Пулицер" сыйлыгы 1932-жылы аталган гезиттин кабарчысы Дүрантиге ыйгарылган эле. Бирок украиндер, анын ичинде Американын Украиндер Конгресс комитетинин мүчөлөрү Дүрантини "Украинада миллиондогон киши ачарчылыктан каза тапканын чагылдырган эмес" деп күнөөлөп, сыйлыкты кайтарып алууну талап кылышууда.
"Пулицер" кеңешинин администратору Сиг Жислер бул дооматтар текшерилип жаткандыгын бышыктады.
Дүранти 1922-41-жылдары Советтер Союзунда "Нью-Йорк Таймстын" кабарчысы болуп иштеген, 1929-жылы ал Сталин менен маектешкен. Доочулардын ырастоосунда, Сталин менен мамилесин сактап калыш үчүн, Дүранти сталиндик саясаттын кесепетинен келип чыккан Украинадагы ачарчылык тууралуу кабар берген эмес.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG