БИШКЕК. Келерки жылы Борбордук Азия университеттеринин ассоциациясы түзүлөт. Анын президенттигине бардык мамлекеттердин өкүлдөрү кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун талапкерлигин бир добуштан кубатташты. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында ЮНЕСКОнун дистанттык окутуу боюнча адиси, Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайларынын ушул жумада Бишкекте өткөн семинарына катышкан Ван Юбинг кабарлады. «Дүйнө маалымат дооруна өтүп турган кезде, Борбордук Азия ЖОЖдорунун биригип, өз ара билим берүү усулдары, жетишкендиктери боюнча тажрыйба алмашуусу өзгөчө мааниге ээ», - деди Ван Юбинг. Маалымат жыйынына катышкан Чыңгыз Айтматов региондогу интеграцияны билим берүү тармагынан, жаштардан баштоо жемиштүү болоорун белгиледи. Ассоциацияны түзүү боюнча уюштуруу комитети куралды жана ага региондогу мамлекеттердин бирден өкүлдөрү кирди. Уюштуруу жыйыны келерки жылы болмокчу.