Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

Чечен козголоңчулары мунапыска үзүлүп түшкөн жок


Орусиянын коопсуздук кызматы билдиргендей, азырынча 35 гана чечен сепаратисти өткөн аптада кабыл алынган Мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын үзүрүн көрдү. ФСБнын Чеченстандагы башчысы Денис Вязимев бүгүнкүгө дейре ушунча чечен козголоңчусу өз ыктыяры менен курал-жарагын өткөрүп берип, күнөөсүн ырайым этүүнү суранганын маалымдады. Москванын өкүлдөрү Чеченстанда дагы 2000дей сепаратист жашыруун аскерий аракеттерге катышып жатат деп эсептешет. Эл аралык укук коргоо уюмдары болсо, чечен согушунда кылмыш жасаган орус аскерлери да мунапыстан пайдаланып кетиши мүмкүн деп эскертишкен. Алардын айтымында, алдыдагы бир нече күн ичинде Чеченстанда ар кандай кылмыштары үчүн кармалган 200дөй орус аскери мунапыска ылайык түрмөлөрдөн бошотулушат.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага

XS
SM
MD
LG