Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:02

БУУнун Коопсуздук кеңеши бейшембиде Эл аралык трибуналга тийиштүү маселени талкуулайт


Кеңеш бул күнү АКШнын өз аскерлерин Эл аралык кылмыш соту алдындагы жоопкерчиликтен бошотуу жөнүндөгү резолюциясын талкуулап, ал боюнча добуш берип калышы мүмкүн. Вашингтон өз резолюциясын алгач 2002-жылдын жайында кабыл алып, аны америкалык аскерлер чет мамлекеттерде саясий себептерден улам куугунтукталып калышы ыктымал деп түшүндүргөн. Быйыл ошол документ дагы бир жылга узартылышы керек. Буга байланыштуу Франция эгерде Босния америкалык аскерлерге кол тийбестик иммунитетин ыйгарган келишимди ратификацияласа, Европа Биримдиги менен мамилелерине залал келтирип алаарын эскертти. Бир катар укук коргоо уюмдары Коопсуздук кеңешине кайрылып, эл аралык сот алдында америкалык жарандарга артыкчылык бербөөгө үндөп жатышат.

XS
SM
MD
LG