Ирандын борбору Тегеранда экинчи түн удаасы менен уланган демонстрацияларда, өкмөттүн саясатына каршы чыккан адамдар менен полиция ортосундагы кагылышуулар орун алды. Өткөн түнү миңдеген адамдар полициянын курчоосунда калган жатаканадагы студенттерге колдоо билдирип, көчөгө чыгышты. Полициячылар көчөлөрдү тосуп турганына карабастан, демонстранттардын Ирандын динзар бийлик башчыларына каршы, реформаларды ишке ашыра албаган президент Мохаммад Хатамиге каршы ураан, кыйкырык-сүрөөндөрү угулуп турду. Ирандын коопсуздук министри Али Юнеси нааразылык акцияларын студенттерге жамынган жергиликтүү радикалдар менен чет элдик тыңчылар уюштурууда деп айыптады.