Жапония бийлиги Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы карама-каршылыктан пайдаланып, Пхеньянды эл аралык коомчулуктун колдоосунан ажыратууга аракет жасоодо. Мындай билдирүүнү бүгүн Түндүк Корея өкмөтү таратты. Пхеньян бийлигинин пикиринде, Жапония Түндүк Кореяга байланыштуу кризисти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүгө бир катар дүйнө өлкөлөрүн катыштырууну көздөөдө. Эгерде, меселе оң чечилбесе анда мындай сүйлөшүүнүн жыйынтыгы Түндүк Кореянын эл аралык коомчулуктун колдоосунан ажыроосуна алып келиши ыктымал. Жапония менен Түштүк Корея сүйлөшүүгө эки өлкөдөн башкада дүйнө өлкөлөрү катышуусун айтышса, Түндүк Корея аталган маселе, АКШ менен Пхеньяндын ортосунда өз ара сүйлөшүү жолу менен чечилишин каалайт.