Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Бейөкмөт уюмдар коалициясы уйгур экстремизми боюнча кайрылуу кабыл алган эмес


БИШКЕК. Бүгүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы ырасмий билдирүү таратып, анда centran.ru маалымат агенттигинин «коалиция уйгурларды кысымга алганы үчүн кыргыз бийлигин сынга алган кайрылуу кабыл алды» деген бүгүнкү маалыматын төгүндөдү. Билдирүүдө айтылганга караганда, коалиция эч качан кээ бир топторду же адамдарды сепаратизм, экстремизм же терроризм боюнча күнөөлөгөн ырасмий кайрылуу кабыл алган эмес жана маалымат агенттиги жазгандай коалиция кыргыз бийлигин «уйгурларды кысымга алып жатат» деп сындай элек. Уюмдун президенти Эдил Байсаловдун айтымында, коалиция терроризмди, экстремизмдин диний жана башка түрлөрүн таптакыр колдобойт жана уйгурлардын өз ордун аныктоо - коңшу мамлекеттин ички маселеси деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG