Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Санкт-Петербург форумуна премьер-министр менен спикер барат


БИШКЕК. 17-июнда Санкт-Петербургда Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн экономикалык форуму өз ишин баштайт. Жылына болчу бул салттуу форумга КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчылары катышып, эл аралык экономикалык кызматташтык багытындагы учурдун урунттуу маселелерин талкуулашат. Кыргызстандан бул форумга премьер-министр Николай Танаев менен Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жетектеген өкмөттүк жана парламенттик делегациялар барышат. Парламенттик делегация Санкт-Петербургда болгон учурунда ЕврАзЭСтин Парламенттик ассамблеясы менен КМШнын Парламенттик ассамблеясынын кеңештеринин отурумдарына катышат. Бул тууралуу бүгүн кыргыз өкмөтүнүн жана парламенттин маалымат кызматтары кабарлашты.

XS
SM
MD
LG