Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

«Арнамыс» партиясынын III курултайы бүрсүгүнү өтмөк болду


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын III курултайы бүрсүгүнү өтөт. Партиянын штаб башчысы Эмил Алиевден бүгүн алынган маалыматка караганда, анын ишине партиянын 200дөй мүчөлөрү катышмакчы. Анын айтымында, бийликтин куугунтугунан баш калкалап чет мамлекеттерде жүргөн партия мүчөлөрү курултайдын ишине Интернет жана электрондук почта аркылуу катышмакчы. Андан тышкары, курултайга эл аралык уюмдардын, айрым саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат. Бирок курултайдын кайсы имаратта өтөөрүн «Арнамыс» партиясы коопсуздук себептеринен улам жашыруун кармоодо. Курултайда партиянын уставына жана программасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, анын мындан аркы стратегиясына, тактикасына жана камакта жаткан Феликс Куловго байланыштуу маселер каралат.

XS
SM
MD
LG