Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Иракта дагы бир америкалык учак кулап түштү

АКШнын аскерий жетекчилиги кечээ Багдаддын түндүк-батыш тарабында АКШнын "Апачи" үлгүсүндөгү тикучмасын белгисиз адамдар атып түшүргөнүн, дагы бир Ф-16 тибиндеги согуштук учак кырсыкка учураганын билдирди. Андагы эки учкучту таап-куткаруу иштери жүрүп жатат. Америкалык генерал Дэвид Маккиернан бейшембиде Багдаддын босогосундагы козголоңчулардын уюгу бутага алынганын маалымдады. Ал "террорчулардын машыгуу лагери" деп атаган аймакта кечээ атылып түшүрүлгөн америкалык тикучма табылган-табылбаганын тактаган жок. Генерал операция учурунда канча ирактык набыт болуп, канчасы жараат алганын айтпады, бирок коалициялык күчтөргө зыян келтирилбегенин маалымдады.
XS
SM
MD
LG