Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Ирандагы нааразылык акциялары уланууда


Тегеранда өткөн түнү өлкөнүн диний лидерлерине каршы дагы бир демонстрация болуп өттү. Мамлекеттик университеттин алдында чогулган жүздөгөн адамдар "Эркиндик! Эркиндик!" деп кыйкырып жатышты. Ана чейин эки түн удаасы менен Тегеранда өткөн нааразылык акцияларына 3000дей адам катышкан болчу. Жума күнү АКШ өкмөтү Ирандагы демонстрациялар учурунда кармалган адамдарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Ричард Баучер Тегерандагы окуяларга кайрылып, мындай деди:

- Биз Иран элинин демократия, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу тууралуу чакырыктары бийликтегилерге жетип, Иран жалпы чөлкөмдөгү стабилдүүлүк багытында өнүгө баштайт деп үмүттөнөбүз.

Кабарларга караганда, шаршембиде Тегеранда өткөн нааразылык акциялары маалында 80ге жакын адам кармалган. Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи телекөрсөтүү аркылуу калкты тынчтандырып, нааразылык акцияларынын артында Америка турат деп айыптады.

XS
SM
MD
LG