Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка басым жасамакчы

АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс жөөт-палестин чатагын жөнгө салып, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу – Американын саясатындагы эң артыкчылыктуу багыт деп билдирди:

- Жакынкы Чыгышта бейпилдик орнотуу – Америка үчүн азыр башкы иш болуп калды. Биз каршылаш эки тарапка жардам көргөзөбүз, бирок бул жерде эң кыйыны - алар өзүлөрү аткарчу иштер болууда.

Вашингтон ушул дем алыш күндөрү Израилге ардагер дипломатын жөнөтөт, ал палестиндер менен жөөттөр "Жол картасы" аттуу тынчтык планын кандай аткараарына байкоо жүргүзмөкчү.
​
XS
SM
MD
LG