Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Жалалабадда курал-жарак тоногондордун ата-энелери бийликке кайрылышты


ЖАЛАЛАБАД. Кайрылууга кол койгон 7 ата-эне балдарынын милиция уюмдарына кол салышына топтун башчысы Адыл Каримовдун алдоосу себеп болгонун айтышат. Кайрылуу ээлери «турмуштун жакырдыгы, жумушсуздук, жер иштетүүнүн кыйындыгы жана келишим негизиндеги окуу акысы балдарды ушундай жолго түрттү окшойт» деп эсептешет. Ата-энелер президент Аскар Акаевден, Жогорку Кеңештин төрагаларынан, депутаттардан жана Акыйкатчыдан, Аксыда элге ок аткандардын ишин кыскарткандай эле, бул жигиттерге да жеңил жаза берип, абактан бошотууну талап кылышты.
15-майда ички иштер органдарына кол салган 8 киши азыр Жалалабадда сурак берип атышат. Алар уурдаган 33 куралдын бешөө табыла элек.

XS
SM
MD
LG