Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Катуу жааган жаандан поезд кырсыкка учурады


БИШКЕК. Кечээ Балыкчыдан 10 вагон буудай ташып келаткан поезд Боом капчыгайында кырсыкка учурап, темир жолдон чыгып кеткен. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашевдин бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, аскада илинип турган таш кулап кетип, рельсти нугунан чыгарып жиберген. Состав жолдон чыгып, жээкке кулап калган. Бирок эч ким каза болгон эмес.
Кырсык болгон жерден кайтып келген Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Кубанычбек Мамаевдин айтымында, поездди башкарып келаткан айдооочу жолдун бузулганын көрүп, токтотууга аракет кылганына карабай, поезд жолдон чыгып, кулап калган. Поездде айдоочу жана анын жардамчысы гана болгон жана алар олуттуу жапа чегишкен эмес. Балыкчыдан чыккан поезд буудайды түштүк аймакка алып бараткан. Кырсык болгон жерде Темир жол башкармалыгынын адистери 125 тонналык поездди кайрадан рельске салуу иштерин жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG