Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

«Моя столица - новости» гезитинин жамааты «Адвокат» гезитин чыгарууну болжоп жатат


БИШКЕК. Келерки аптадан баштап «Моя столица - новости» гезитинин эмгек жамааты «Адвокат» гезитин чыгарууга киришет. Бул тууралуу «Моя столица - новостинин» 13-июнга карата басууга даярдалган акыркы коштошуу санындагы редакциялык макалада айтылган. Анда ошондой эле жамааттын багыты мурдагыдай эле калаары, эгер «Адвокат» жабылса, дагы башка гезиттерди чыгара берээри белгиленген.
Ушул эле санында «Моя столица - новостинин» жамааты президент Аскар Акаевдин наамына ачык кат жолдоду. Анда, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын тутумунда туруп күйүүчү май саткан «Мерлисайд» ишканасына жана мамлекеттик монополиядагы алкоголь азыгына байланыштуу мыйзам бузууларды иликтеген макалалар гезиттин ишинин токтошуна себеп болгондугу айтылат. Бирок, гезиттин бул акыркы саны Ленин райондук сотунун сот аткаруучулары тарабынан тыюу салынгандыктан, чыкпай калганы тууралуу ушул эле күнү редакция маалымат таратты. Гезит өз ишин токтоткондугу тууралуу анын жетекчилиги 11-июнда өткөн маалымат жыйынында жарыялаган. «Моя столица - новостинин» үстүнөн сотторго быйыл 32 доо арыз түшүп, алардын негизинде гезит 4 млн. сомдук айыпка жыгылган.

XS
SM
MD
LG