БИШКЕК. Эл аралык антитеррордук коалициянын «Ганси» авиабазасынын демилгеси менен кыргызстандык журналисттердин тобу кечээ коалициянын Ооганстандын Баграм шаарында жайгашкан аскердик базасы менен таанышып кайтышты. Бул тууралуу бүгүн «Ганси» авиабазасынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жеф Жоунс билдирди. Баграмда болгон журналисттер Ташрабат аттуу жерде коалиция кура баштаган мектептин пайдубалын түптөөгө кол тийгизишти. Андан соң, аскердик базанын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Родни Дэвис басма сөз жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, азыр Ооганстандын аймагынын 90% коалиция тарабынан көзөмөлдөнөт. Антитеррордук операциянын учурунда коалициянын 29 аскери набыт болуп, 130 адам жарат алган. Коалициянын жардамы менен буга чейин Ооганстандын 3000 аскери бар туруктуу армиясы түзүлдү. Келерки жылы анын курамына дагы 9000 аскер кошулат. Учурда коалиция аскер операцияларын өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагында жүргүзүүдө. «Ал-Каида» жана «Талибан» кыймылына каршы күрөштө Пакистан менен Ооганстан өкмөтү олуттуу жардам беришүүдө.