Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

«Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзамды 44 добуш менен кабыл алышты. Мыйзам долбоорун Жогорку Сот Конституциянын жаңы редакциясына ылайык иштеп чыккан. Эгер президент мыйзамга кол койсо, 4 айдан ашуун убакыттан бери ишмердиги токтоп калган Жогорку Сот өз ишин кайра улантат жана мурдагы Жогорку жана Арбитраждык соттор биригет. Жогорку Сот экономикалык, кылмыштык жана жарандык иштерди карай турган үч чоң коллегиядан турат. Жогорку Соттун 35 судьясы болот. Жыл сайын алардын эсебинен ротацияланып туруучу 5 судьядан турган президиум иштейт. Депутаттар сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылыш үчүн «Жогорку Соттун аппаратында канча адам иштээрин долбоордо жазылгандай президент эмес, Жогорку Соттун төрагасы аныктасын, соттор каражат жагынан аткаруу бийлигине көзкаранды болбошу үчүн сот департаменти Жогорку Соттун алдында болсун» деген жоболорду кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG