Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Кытайда САРС оорусу азаюуда.


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдын бир катар чөлкөмдөрүнө чет элдик саякатчылардын агымын токтоткон көргөзмөсүн кайра карап чыкты. Эл аралык уюм алдын-ала Кытайдын көпчүлүк аймактарында жугуштуу өпкө илдети жайылышы мүмкүн деп туристтер үчүн кооптуу чөлкөмдөр деп атаган эле. Жума күнү жарыяланган жаңы документте бул аймактарга мындан ары САРС вирусу олуттуу коркунуч келтирбейт деп айтылат. Бирок Кытайдын башкалаасы Бэйжин жана Тайван аралына саякаттап баруудан азырынча кармана туруу керектиги бегиленет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Иайн Симпсон: "Биз Кытайдагы кырдаал толук көзөмөлдөнүп жатканына жана жалпы эле кытай бийликтеринин айткандарына ишенбейбиз", - деп басым жасай кетти.

XS
SM
MD
LG