Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Израилдин ракеталык чабуулунан бир палестин набыт кетип, 26 адам жарадар болушту.


Күбөлөр бутага алынган жеңил машинеде "Хамас" уюмунун аскерий бөлүмүнүн мүчөсү Фуад ал-Лидави шейит кеткенин билдиришти. Тель-Авив соңку төрт күн ичиндеги жетинчи жолку аба чабуулу Израилди бутага алган жасалма ракеталар үчүн жооптуу деп шектелген палестин согушкерлерине каршы уюшулганын айтат. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Израилди палестиндердин кол салууларынын мизин кайтарууда сабырдуулук кылууга чакырып, жөөттөргө каршы теракттар токтотулушу керек деп белгиледи. Анын алдында эле Израилдин коргоо министринин орун басары Зеев Бойм палестиндердин "Хамас" уюмунун ташталканын чыгарууну убада кылган. Израиль өкмөтү шаршембиде Иерусалимде 16 адамдын өмүрүн алган автобустагы жардыруудан кийин "Хамас" уюмун жок кылууга сөз берген.

XS
SM
MD
LG