Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Иракта жарыяланган курал мунапызынын мөөнөтү бүгүн аяктайт


Иракта куралдарды өз ыктыяры менен бийликке өткөрүп берүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктайт. Биринчи июнда жарыяланган мунапыз боюнча, бийликке өз куралдарын тапшыргандарга каршы жаза аракеттери көрүлбөйт. Анткен менен эки апта ичинде бийликке танктарга каршы ракета атуучу 150 аспап, учактарга ракета атуучу 11 кол замбирек жана бир нече жүз автомат гана тапшырылды. Эксперттердин эсебинде, азыр элдин колундагы куралдын саны үч миллионго жетет, шаар көчөлөрүндө эмгиче куралды ачык эле сатып алса болот, бир Калашников 70 доллар, бир граната болсо үч доллар турат. Дүйшөмбү күндөн бери уланып келаткан кагылышууларда болсо америкалык аскерлер жүзгө жакын ирактык жоокерди өлтүрдү.

XS
SM
MD
LG