Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Тегеранда алтүндө жүзгө жакын адам камакка алынды


13-июнга караган түнү Тегерандагы элдик демонстрация күч менен таратылгандан кийин, шаардагы абал бүгүн салыштырмалуу тынч, бирок түндө жүзгө жакын адам камакка алынды. Иран полициясы шаардын көчө-аянттарына күзөт жүргүзүүнү улантууда жана чогулгандарга каршы мотоцикл минген күчтөр колдонулуп жатат. Төрт күнгө уланган демонстрация учурунда анын кээ бир катышуучулары - алты жылдан бери бийликте отуруп, реформа жасай албаган президент Мохаммад Хатаминин кызматтан кетишин жана мамлекеттик бардык иштерди өз көзөмөлүнөн чыгарбаган аятолла Али Хаменеинин өлүмүн талап кылган. Бийликтин айтымында, элдик толкундоолорду АКШ саясаты шыкактаган.

XS
SM
MD
LG