Палестина менен Израилдин коопсуздук кызматтарынын жетекчилери бүгүн жолугушуу өткөрүп, террорчулукка каршы көрүлө турган чараларды талкуулоодо. Жөөт аскерлери 2000-жылдын сентябрына чейинки чектерге чегинүүгө тийиш жана бошотулган араб жерлериндеги коопсуздук үчүн жоопкерчиликти Палестина автономиясынын күчтөрү алат. Мурдагы план боюнча Палестина мамлекети 2000-жылы түзүлмөк жана ал план аткарылбай калганда, арабдар тарабынан интифада башталган. Жаңы түзүлгөн план боюнча эми Палестина мамлекети 2005-жылы түзүлөт жана басылып алынган араб жерлерин Израил бошотуп берүүгө тийиш. Бирок "Хамас" жана "Исламдык жихад" аттуу уюмдар жөөттөргө каршы аракеттерин токтотууга азырынча макул эмес, Израил болсо Газа тилкесиндеги чектөөлөрдү жойо элек.