Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Бишкекте ат оюндары болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги «Аккула» ат майданында башкалаанын 125 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган улуттук спорт оюндары боюнча III Спартакиаданын финалдык мелдештери өттү. Көкбөрүнүн баш байгеси үчүн Нарын жана Чүй облустарынын командаларынын ортосунда айыгышкан таймаш жүрдү. Натыйжада 7:4 эсебинде чүйлүк жигиттер жеңишке жетишип, баш байгеге коюлган автомашинаны утуп алышты. Нарын экинчи, Бишкек шаарынын командасы үчүнчү орунду ээлешти.
Жорго салдыруунун баш байгесине да автомашина коюлду. 13 чакырым 200 метр аралыктагы жорго салдырууда бишкектик Шариповдун «Гаухар» аттуу тору жоргосу марага биринчи келди. Экинчи орун жалалабаддык Капаровдун «Каракуш» аттуу кара жоргосуна ыйгарылып, 40 миң сомдук байге берилди.
Аламан байгеге 24 күлүк коё берилип, алар 19 чакырым аралыкка жарышты. Мында баш байгеге коюлган автомашинаны жалалабаддык Капаровго «Ишеним» деген жээрде күлүгү жеңип берди. Экинчи орунду Чүйдүн «Ракш» аттуу күлүгү камсыз кылды. Анын ээсине да 40 миң сомдук акчалай сыйлык берилди.Үчүнчү болуп марага таластык Мураталиевдин «Баска» аттуу күлүгү келди.
Жеңүүчүлөргө байгелерди премьер-министр Николай Танаев, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, Бишкектин мэри Медетбек Керимкулов баштаган жетекчилер тапшырышты.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG