Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Кыргызстандын 4 жараны Казакстандан чыгарылды


БИШКЕК. Казакстандын Караганда облусунун ички иштер башкармалыгынын жана сотунун чечими менен, «Таблиги жамаат» диний кыймылынын даватчылары катары мыйзамсыз аракеттерди жасаганы үчүн Кыргызстандын 4 жараны Казакстандын аймагынан чыгарылды. Алар казакстандыктарды, негизинен жаштарды Пакистандагы жана Ирандагы диний медреселерге окууга үндөп жүрүшкөн. Бул тууралуу маалыматты «КZ-тoday» агенттигине шилтеме берип, бүгүн «АКИ-пресс» агенттиги жазып чыкты.
Бирок Казакстандан чыгарылган кыргызстандык 4 жарандын андан аркы тагдыры Кыргызстандын күч органдарына белгисиз болуп чыкты. Улуттук коопсуздук кызматынын диний экстремизмге каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Бегибай Ахмедов да, Ички иштер министрлигинин дин иштери боюнча жооптуу кызматкери Осмоналы Гуронов да андай маалыматтан кабарсыз. Казакстандын күч органдары кыргызстандыктарды депортациялаган учурда аны кыргыз тарапка маалымдоону милдеттендирген келишим түзүлө элек. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсуповдун айтымында, «Таблиги жамаат» диний кыймылы ал жетектеген комиссияда катталган эмес жана Кыргызстандын аймагында анын иштешине чек коюлган. «Бирок азыр Пакистандагы бул кыймылдын медреселеринде өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен 27 кыргызстандык бар», - деди Өмүрзак Мамаюсупов.

XS
SM
MD
LG