Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Кыргыз өкмөтү Казакстандын буудайынын сатылышына чек койбой турган болду


БИШКЕК. Быйыл кыргыз өкмөтү Казакстандын буудайынын жана унунун Кыргызстанга ташылып келип, сатылышына чек койбой турган болду. Мында Кыргызстан казак өкмөтү кыргыз товарларына карата кандай чечим кабыл алаарына карабайт. Былтыр кыргыз өкмөтү атамекендик товар өндүрүүчүлөрдү коргоо максатында Казакстандан ташылып келүүчү буудайга жана унга чек койгон болчу. Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү болгондуктан, кыргыз өкмөтү казак бийлигин адилет экономикалык мамиле түзүүгө, соода согушун токтотууга чакырды. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, коңшулар кыргызстандык товар өндүрүүчүлөргө карата адилетсиз чектөөлөрдү коюп келишет.

XS
SM
MD
LG