БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен бирге бүрсүгүнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1373-резолюциясынын аткарылышын талкуулоого киришет. Эки күнгө эсептелген бул семинарга Кыргызстандагы күч структураларынын, Улуттук Банктын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эл аралык эксперттер катышмакчы. Талкуу терроризмге каршы күрөш жөнүндөгү мыйзамга түзөтүү киргизүү, эл аралык укуктук нормаларды бекемдөө, терроризмге каршы күрөш боюнча регионалдык программаларды өнүктүрүү сыяктуу маселелерди камтыйт. Мындай семинар буга чейин февраль айынын башында Лондон шаарында өткөн. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
ЕККУ менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги терроризмге каршы күрөш маселесин талкуулайт