Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Адам укуктары боюнча ислам комиссиясы Кыргызстан тууралуу билдирүү таратты


БИШКЕК. Адам укуктары боюнча ислам комиссиясы Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу билдирүү таратты. Анда Аскар Акаев президенттик кызматка келген 1990-жылдан берки өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушу, бийликтин бир адамдын колуна топтолуп, мамлекет коррупцияга жана жакырчылыкка батканы тууралуу айтылган. «Аскар Акаев 1996-жылы жасалма өткөн референдумдун жыйынтыгында бардык бийликти өзүнө алды жана 2000-жылдагы президенттик шайлоого Феликс Кулов, Данияр Үсөнов сыяктуу олуттуу атаандаштарын катыштырбоого аракет кылды» деп айтылат билдирүүдө. Оппозициянын Ф. Кулов, А. Бекназаров, Т. Тургуналиев, Д. Үсөнов сыяктуу лидерлери түрмөгө салынып, Аксы окуясына күнөөлүү адамдардын жазаланбай, тескерисинче айрымдарынын кызматынан жогорулашы сынга алынган. «Ушуга окшогон фактылар Аскар Акаевдин түркмөн, өзбек президенттеринин жолуна түшүп, чексиз мөөнөткө калуу ниетин далилдейт жана өз авиабазаларын Кыргызстанга жайгаштырган Кошмо Штаттар менен Орусия ага көз жумат», деп айтылат Адам укуктары боюнча ислам комиссиясынын билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG