Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Мамлекеттик кызматчылар эми бир өңчөй кийинмек болушту


БИШКЕК. Ушул жылдын 13-августунан тартып Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер бир өңчөй кийим кийүүгө милдеттүү болушат. Президенттин жардыгына ылайык иштелип чыккан дизайн боюнча, мамлекеттик кызматтагы аялдар кочкул-көк түстөгү кездемеден тигилген жакет, түз тигилген юбка, тик жакалуу ак көйнөк, такасы анча бийик эмес кочкул же кара түстөгү туфли кийишет. Мамлекеттик кызматтагы эркектердин атайын кийимдери да ушундай эле түстөгү кездемеден тигилет. Эркектер костюм, шым, ак көйнөк, бир түстөгү жибектен тигилген галстук, кара же кочкул-көк туфли кийишет. Кызматчылар ошондой эле диаметри 40 миллимметр өлчөмүндөгү өзгөчө белгилерди тагынышат. Белгинин ортосунда мамлекеттик герб тартылып, анын айланасында «Мамлекеттик кызматчы» деген жазуу жана кызмат даражасынын баш тамгасы орусча, кыргызча жазылат. Жогорку даражалуу кызматчылардын атайын белгиси алтын алкакча менен курчалган, жөнөкөй кызматчылар тагынган атайын белгиде андай алкакча болбойт. Кызматчылардын кийимдеринде да даражаларына жараша айырмачылыктар болот жана кийимдерге дээрлик алтын түстүү топчулар кадалат. Бул тууралуу маалымат президенттин басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG