Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Эртең Бишкекте терроризмге каршы күрөш маселелери талкууланат


БИШКЕК. Эртең Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1373-резолюциясынын аткарылышын жана терроризмге байланыштуу маселелерди талкуулоого арналган эки күндүк жыйын башталат. Ага Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун, Кыргызстандын тышкы иштер жана ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эл аралык эксперттер катышат. Жыйында терроризмге каршы күрөш жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, эл аралык укуктук нормаларды бекемдөө, терроризмге каршы күрөш боюнча эл аралык программаларды иштеп чыгуу сыяктуу маселелер талкууланат.

XS
SM
MD
LG