Кошмо Штаттардын өкүлү Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон жана Палестинанын жогорку жетекчилери менен жолугушуп, аймакта тынчтыкты жөнгө салуу тууралуу “Жол картасы” планын турмушка ашыруу маселесин талкуулайт. “Жол картасы” тынчтык планы АКШ, БУУ жана Европа Биримдиги жана Орусия тарабынан иштелип чыккан.