Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Израил бийлиги Газа өрөөнүнөн өз аскерлерин алып чыгып кетээрин жарыялады


Мындан бир нече саат илгери Палестинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Мохаммед Дахлан жана Израилдин Коргоо министрлигинин өкүлү Амос Гилад аймакта тынчтыкты калыбына келтирүү тууралуу сүйлөшүү өткөрүштү. Тараптар Израилдин түрмөлөрүнөн палестиналык жарандарды бошотуу жана Газа аба майданын калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты. Израилдин өкүлү жөөттөргө каршы террордук аракеттер токтотулса, Газа секторунун түндүк тарабынан өз аскерлерин алып чыгып кетээрин маалымдады.
Бүгүн эле Иордания дарыясынын батыш жээгиндеги качкындар лагериндеги атышуудан бир палестиналык жаран каза болду.

XS
SM
MD
LG