Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Ооганстан жана Иран качкындарды кайтаруу келишимин түзөт


Эки өлкө качкындарды кайтаруу боюнча 2005-жылга чейин эсептелген келишимди БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариаты менен түзүүдө. Документке бүгүн Тегеран шаарында кол коюлмакчы. Качкындар комиссариатынын өкүлү Маки Шинохаранын айтымында, келишимде Ооганстандын экономикасына күч келтирбөө үчүн качкындарды этап-этабы менен кайтаруу мүмкүнчүлүгү каралат. Талибан режими бийликтен кулатылгандан бери Ооганстанга 2 миллиондой качкын кайтып келди. Эсептөөлөргө караганда, дагы 2 миллиондой ооган сыртта жашайт.

XS
SM
MD
LG