Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Израил менен Палестина коопсуздук маселеси боюнча мунасага жетүү алдында турат


Коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү палестин тарап согушкерлердин аракетин тыюуга убада берген учурда Газа секторунун түндүк бөлүгү менен Вифлеем шаарынан жөөт аскерлерин чыгарып кетүү маселесин талкуулоо үчүн өткөн түнү да жолугушту. Маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда тараптар мунасага жетүү алдында турат. Кечээ Израилдин аскердик радиосу да армия Газа секторунун түндүк бөлүгүнөн чыгып кетүүгө даярданып жатканын маалымдап, бирок анын мөөнөтүн айткан эмес. "Жол картасы" деп аталган тынчтык планы кандай аткарылып жатканына байкоо жүргүзүү үчүн учурда Жакынкы Чыгышта АКШнын чабарманы Жон Вулф да жүрөт. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш болсо Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуяларды комментарийлеп, дүйнө палестиндердин тынчтыкты каалабаган "Хамас", жана башка ушул сыяктуу уюмдарына каршы кескин чара көрүшү керектигин билдирди:

- Премьер-министрлер Махмуд Аббас менен Ариэль Шарон тынчтыкты каалайт. АКШ, Европа Биримдиги тынчтыкты каалайт. Бирок, бул жерде тынчтыкты каалабаган киши өлтүргүчтөр бар экени айдан ачык.

Соңку күндөрү жөөттөр менен палестиндер ортосунда орун алган кол салуулар "Жол картасы" деп аталган тынчтык пландын келечеги боюнча күмөн саноолорду жараткан эле.

XS
SM
MD
LG