БИШКЕК. 21-июнда Кыргызстанга иш сапары менен КМШ өлкөлөрүнүн жамааттык коопсуздук кеңешинин баш катчысы Николай Бордюжа келет. Сапардын максаты 28-апрелде Дүйшөмбү шаарында өткөн жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинде кабыл алынган чечимдерди турмушка ашыруу. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Николай Бордюжанын сапары 26-июнга чейин созулат жана бул мезгил ичинде ал президент Аскар Акаев, коргоо, тышкы иштер, улуттук коопсуздук кызматы, ички иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, коопсуздук маселеси боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Дүйшөмбү саммитинде жамааттык коопсуздук уюмунун бирдиктүү шатбын түзүү жана ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн бекемдөө чечимдери кабыл алынган. 28-апрелде эларалык уюмга айланган жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Казакстан, Кыргызстан, Белорусия, Орусия жана Тажикстан мүчө.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Бекташ Шамшиев.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Бекташ Шамшиев.