ЖАЛАЛАБАД. Кыргызстан жана Өзбекстандык ыктыярлуу элчилер тобу Жалалабад облусунун чек арага жакын жайгашкан калктын проблемаларын иликтеп чыкты. Эларалык толерантуулук корунун эки өлкөдөгү ыктыярлуу элчилер тобу Өзбекстандын Жаркоргон, Кыргызстандын Алабука райондорунда жолугушту. Курамына аксакалдар менен коңшу райондордун жетекчилери кирген эки өлкөнүн делегациясы чек ара аймактарындагы оорукана менен мектепти, ортодогу жолдорду биргелешип пайдалануу, бажы тоскоолдуктарын жоюу маселесин талкуулашты. Ооруканалар боюнча эки өлкөнүн делегациясы бир пикирге келишип, билим алуу проблемасы жаатында өзбек мектептери латын алфавитине өткөндүктөн, эки өлкөнүн тармактык министрликтерине кат даярдала турган болду. Бажы постторунда жанаша өлкөлөргө кандай буюм, азык-түлүктөрдү алып өтүү мүмкүндүгү тууралуу тизме илүү зарылдыгы чечилди.