Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

«Кыргызтелеком» акциясын сатуу тендеринин алгачкы жыйынтыгы чыкты


БИШКЕК. «Кыргызтелеком» акционердик коомунун 51% акциясын сатуу боюнча 15-июнда өткөрүлгөн тендердин алгачкы жыйынтыгы 16-июнда чыгарылды. Анын биринчи этабында Швециянын «Swoltel» компаниясы жеңүүчү деп табылды. Эмки апталарда тендерге катышкан бардык 6 компаниянын сунуштары иликтенет. Эгерде биринчи этапта жеңишке жетишкен компаниянын техникалык сунуштары талапка жооп бербесе, анда калган талапкерлердин сунуштары каралат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча Мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Маалымат боюнча, «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын алууга Германия, Орусия компаниялары, Түркия жана Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы биргелешип түзгөн консорциум, Казакстандын эки компаниясы жана Швециянын «Swoltel» компаниясы катышкан. «Swoltel» 51% акция үчүн 15 млн 600 миң доллар сунуштаган.

XS
SM
MD
LG