Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Акыйкатчынын ишине каржы жетишсиздиги тоскоол болууда


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысынын кызматкерлери ушул айдын аягында аргасыз эс алууга кетиши мүмкүн. Бул тууралуу 16-июнда Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу билдирди. Анын айтымында, буга каражаттын жетишсиздиги себеп болууда. «Каражат бөлүү өтүнүчү менен өкмөткө жана каржы министрлигине кайрылуубуздан эч майнап чыккан жери жок» - дейт Турсунбай Бакир уулу. Ал Акыйкатчы институту үчүн быйыл кеминде 22 миллион зарыл экендигин, өкмөт бюджетке киргизген 4 миллион сомду өлкө жарандарынын ар бирине бөлсө 80 гана тыйындан тиерин билдирди. Акыйкатчы ишке киришкен декабрь айынан бери ага 862 арыз түшкөн. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, анын көбү жеке менчик укугун коргоо жана тартип коргоо органдарынын аракеттерине каршы арыздануулар болууда. Алардын 250си Акыйкатчынын региондордогу өкүлдөрү тарабынан, калгандары башкы кеңседе каралууда.

XS
SM
MD
LG