БИШКЕК. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мурдагы мүчөлөрү Качкын Булатов, Ырыскелди Момбеков жана Болот Тыналиев 22-июндан тарта ачкалык акциясын башташат. Мындай маалымат 16-июнда Качкын Булатовдон алынды. Анын айтымында, буга комитет төрагасы Рамазан Дырылдаев менен анын жакындарынын мыйзамсыз иштерине дүйнө коомчулугун көңүлүн буруу жана акыйкатты орнотуу зарылдыгы түрткү болууда. Ачкалыкка чыккан укук коргоочулар комитеттин иштөөсүнө каражат берип келген Голландиянын «Хивос» жана Американын «Улуттук демократияны колдоо» уюмдарынын өкүлдөрү келип, текшерүүсүн талап кылышмакчы. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин финансы тармагынын жооптуу кызматкери Гияз Токомбаев «чет өлкөдөн эч кандай текшерүүчүлөр келбестигин, анткени, комитеттин ишинде эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугуна алар бекем ишеничте» экендигин билдирди. Гияз Токомбаев «комитеттин айланасындагы чуу бийликтин көрсөтмөсү менен атайылап, анын мүчөлөрүнө каршы кылмыш ишин козгоо үчүн жасалып жатат» -деп кошумчалады.