Бул тууралуу дүйшөмбү күнү өткөн маалымат жыйында, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри билдирди. Ал эми Дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюмунун кабарлосуна караганда, соңку мезгилдери Кытайда жана башка чыгыш өлкөлөрүндө мындай коркунучтуу илдеттин жайылуу темпи азайганы байкалууда. Тайван бийлигинин маалыматына караганда, бүгүн аталган өлкөдө оору алгач пайда болгондон бери биринчи жолу, илдеттен каза болуп же жугузуп алган учур катталган жок.