Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:49

Израилдин жана Палестинанын жогорку бийлик өкүлдөрү тынчтык сүйлөшүүсүн улантууда


Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Израил менен Палестинанын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тынчтык маселеси боюнча жаңыдан сүйлөшүүлөрдү башташты. Жаатташкан тараптар Газа өрөөнүнөн жана Иордан дарыясынын батыш жээгинен Израилдин аскерлерин алып чыгууну, жөөттөргө каршы палестиналык жангечтилердин террордук аракеттерин токтотуу жана башка маселерди талкуулашты. Ал эми исламчыл “Хамас” тобунун өкүлдөрү болсо, Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жөнгө салуу тууралуу АКШ баш болгон өлкөлөр сунуш кылган “Жол картасы” планына каршы экендигин билдиришип, бул боюнча Мисирдин жогорку бийлигинин сунушуна маакул экендигин жарыялады. Буга байланыштуу Мисирдин бийлик өкүлдөрүнүн исламчыл палестиналык топтун жетекчилери менен бүгүнкү сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктады. Ал эми ушул эле күнү Израилдин Тышкы иштер министри Сильван Шалом, “Израил палестиналык экстремисттер менен утурумдук жарашууга барбайт” деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG