Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

АКШ Сербия жана Черногорияга каржылык жардам көргөзүүнү калыбына келтирет


Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучердин билдиргенине караганда, жардам Сербия жана Черногория Гаагадагы эл аралык трибунал менен талаптагыдай кызматташууга киришкендигинен улам берилүүдө. Эми АКШ 110 миллион доллардык насыянын экинчи бөлүгүн жөнөтмөкчү. Каражаттын биринчи бөлүгүн Белград мурда эле алган. Ал эми Европа Биримдиги Балкан чөлкөмүндөгү беш өлкөнү уюмга кирүүгө даярдоо үчүн кошумча 200 миллион евро каражат ажыратат. Мындай чечим тышкы иштер министрлеринин Люксембургдагы жыйынында кабыл алынды. Жардам чөлкөмдүн өлкөлөрү реформаларга дилгир экенин көргөзгөн шарттарда гана бөлүнөт. Азырынча Сербия жана Черногория, Босния, Македония, Хорватия жана Албаниянын Европа Биримдигине кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоонун мөөнөтү белгилене элек.

XS
SM
MD
LG