Кемерово облусундагы "Зиминка" көмүр шахтасында авариядан дагы үч кенчи жаракат алганы аныкталды. Урандылардын алдында калган кенчилердин төртөөсү менен байланыш бар. Ал эми калган адамдардын тагдыры белгисиз. Маалыматтарга караганда, авария учурунда шахтыда 20дай кенчи иштеп жаткан. Орусиялык маалымат агенттиктер кырсыкка метан газынын жарылуусу себеп болгон деп кабарлашты.