Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:42

Иран өзөктүк жайларына эл аралык инспекторлордун келишине макул эмес


Макулдук Ирандын өзөктүк жаңы технологияларга ээ болуусу үчүн киргизилген чектөөлөр жоюлганда гана берилиши мүмкүн. Иранды өзөктүк куралдар программасын жашыруун жагдайда өнүктүрүп жатканы үчүн айыптап жүргөн АКШ Тегерандын жогорудагыдай сунушун четке какты. АКШ жана Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ уюму Ирандан өлкөнүн өзөктүк жайларын инспекциялоого жол ачкан кошумча документке кол коюусун талап кылууда. Ушундай эле чакырык менен Иранга Европа Биримдиги да кайрылды. МАГАТЭнин баш директору Мохаммед эл-Барадейи кечээ Венадагы жыйында белгилегендей, Иран өзөктүк реакторлорунда кандай иштер жасалып жатканы жөнүндө МАГАТЭни мурда кабардар кылган эмес, бирок учурда кырдаалды оңдоого багытталган чараларды көрүүдө. Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Салехи тараптардын чатагы оң чечилээрине ишеним билдирди. Тегерандын ырастоосунда, өзөктүк программалары аскердик максатты көздөбөйт.

XS
SM
MD
LG