Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Палестинанын согушчан топтору Израил менен ок атышууну токтотууга көнө элек


Алардын өкүлдөрү менен Египеттин дипломаттары ортосундагы сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады, бирок тараптар жакын арада кайрадан кездешүүнү макулдашты. Египет тарап палестин радикалдарын Израил менен ок атышууну токтотууга ынандырууга аракеттенип жатат. "Хамас" жана башка уюмдардын өкүлдөрү жөөттөргө каршы кол салуулар токтотулардан мурда Израил аларга каршы аскерий операциялардан баш тартаарына эл аралык кепилдик берилишин талап кылууда. Палестин тышкы иштер министри Набил Шаас согушчан топтор ок атышууну токтотууга көнөөрүнө ишеним билдирди. Ал эми Израилдин премьер–министри Ариэль Шарондун кечээ парламент сессиясында айтканына караганда. Палестинанын бийлиги террорчулардын аракетин тыймайынча эч кандай элдешүү болбойт, терроризм уланып жаткан шартта саясий жараян ишке аша албайт.

XS
SM
MD
LG