Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

АСЕАН өлкөлөрүнүн эки күндүк жыйыны


Камбожанын борборундагы жыйында уюмга кирген түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери ислам терроризмине каршы күрөштүн жолдорун талкуулашты. Мындан тышкары алар Түндүк Кореяны атомдук программасын токтотууга чакырышты. Корей жарым аралы атомдук куралдан алас болгондо жана Пхеньяндын кризиси тынчтык жол менен чечилгенде гана жалпы региондо стабилдүүлүк камсыз болот дешти жыйын катышуучулары. АСЕАНдын министрлери ошондой эле Мьянманын - мурдагы Бирманын бийликтерин оппозициялык лидер Аун Сан Су Чини түрмөдөн бошотууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG