Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Баткен облус жетекчилиги Тажикстандын Согд облусунун жетекчилигине кат жөнөттү


БАТКЕН. Облус акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн бүгүн алынган маалыматка караганда, Лейлек районуна чектеш Маданият деген жерде, бажы жана чек ара бекеттеринин жанына Тажикстан кошумча ветеринардык бекет койгон. Ал жердеги тажик ветеринарлары кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалардан 150, ал эми жеңил автоунаалардан 30 сом өлчөмүндө акча талап кылып жатышат. Мындай аракет кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн «эки өлкөнүн чек аралары такталмайынча, белгиленген бажы, чек ара жана башка бекеттерден тышкары кошумча бекеттер коюлбасын» деген макулдашуусуна кайчы келет. Ошондуктан, Баткен облусунун жетекчилиги Согд облусунун жетекчилигине кат жолдоп, бул мыйзамсыз бекетти тез арада алып салууну өтүнгөн.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG