Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:30

Өкмөт делегациясы Санкт-Петербургга кетти


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн Эл аралык VII экономикалык форумга катышканы Санкт-Петербургга жөнөп кетти. Делегациянын курамында тышкы соода жана өнөр жай министри Садридин Жээнбеков, экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков, Нарын, Баткен, Ысыккөл облустарынын губернаторлору Аскар Салымбеков, Мамат Айбалаев, Эмилбек Анапияев жана Бишкек шаарынын мэри Медет Керимкулов бар. Форумда азыркы шарттагы экономикалык өнүгүүнүн стратегиясына байланышкан маселелер талкууланат. Шериктеш өлкөлөрдүн Парламент аралык ассамблея кеңеши тарабынан уюшулган бул форумдун алкагында «КМШ өлкөлөрү жана Орусиянын федералдык округдары натыйжалуу экономиканын жолунда» аттуу көргөзмөнүн ачылышы болот.

XS
SM
MD
LG