Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Тажикстандык саясатчы калкты алдыдагы референдумду бойкоттоого чакырды


Референдум өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүү максатында өткөрүлүүдө. Тажикстандыктар башка маселердин катарында президент Эмомали Рахмонов мамлекет башчысынын кызматына жети жылдан дагы эки мөөнөткө талапкер болуусуна уруксат берүү жөнүндөгү суроого да өз мамилесин билдириши керек. Э.Рахмонов Тажикстандын президенттигине 1994-жылы шайланган. Эгер референдумда шайлоочулар сунуш кылынган маселени колдосо, ал шайлоодо жеңген учурда мамлекет башчысынын кызматында 2020-жылга чейин тура алат. Тажикстандын Демократиялык партиясынын лидери Махмадрузи Искандеров калкты референдумду бойкоттоого чакырды. Тажик саясатчыларынын айрымдарынын пикиринде, эл референдумду бойкоттогондун ордуна ага катышып, бирок каршы добуш бергени оң.

XS
SM
MD
LG