БИШКЕК. Швециянын Тышкы иштер министрлигинин чечими менен кыргыз жараны, ишкер Нурлан Мамыров Швециянын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн Нурлан Мамыров өзү билдирди. Анын айтымында, консулдун башкы милдеттеринин бири - Кыргызстандагы швед жарандарынын кызыкчылыгын коргоо. Швециянын Ардактуу консулдугунун ачылышына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына байланыштуу ушул эле күнү Бишкектеги Кино үйүндө Швед киносунун фестивалы ачылды. 20-июнга чейин созула турган фестивалда швед режиссорлорунун бир катар кинолору бекер көрсөтүлөт.